Клик на название графика включает/выключает его. "-Дельта" - графики скорости изменения, единиц в минуту.
18-июнда Оштон Делиге учкан Aero Nomad компаниясынын самолету Ош эл аралык аба майданына кечке жуук авариялык абалда конду. Бул маалыматты Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев тастыктады. Маалыматка караганда, учак асманга көтөрүлүп, бир сааттай убакытта 17 жолу тегеренгенден кийин кайра конууга мажбур болгон. Авариялык конууга техникалык жагдайлар себеп болгону белгиленип, бирок эмне болгону ачык айтылган жок. Бул корунуш шаардын бир топ тургундарын тынчсыздандырган. Жабыр тарткандар болгон эмес учакта. #osh_airport #airbus #delhi